Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 119
«Кароол айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана коргоонун 2015-жыл үчүн программасы жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыйжалары Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана коргоонун 2015-жыл үчүн программасы бекитилсин жана аткарууга алынсын (программа тиркелет).
2. Күтүлүү натыйжалары, аткарылышы боюнча аталган программаны багыттары боюнча көзөмөлдөөнү туруктуу комиссиялардын (А.Амиракуловго, А.Азизовго, А.Тыныкуловго, А.С.Суранбаевга) төрагаларына тапшырылсын.
3. Токтомду жалпы көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.М.Укуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
| Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Р. Сайитов.Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү «___»- февраль 2015-жыл. С.Ш. Жээнбеков
|
Кароол айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларында белгиленген
максат- милдеттерге жетишүү боюнча 2015-жылга аракеттенүү
ПЛАНЫ
№ | Милдеттери
| Аракеттенүү иш-чарасы | Күтүлүүчү жыйынтык | Аткаруу мөөнөтү (күнү, айы, жылы) | Тийиштүү стратегиялык программалык документтер | |
| Экономика | |||||
1 | Кароол айыл өкмөтү финансылык көз карандысыздыгын жогорулатуу. | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 6,5млн сомго көбөйтүү | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 5% дан кем эмес жогорулатуу. | 31-декабрь, 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
2 | Жаңы жумушчу орундарды түзүү. | 2015-жыл ичинде 30дан кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү | Жумушсуздардын санын азайтуу. | 31-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
3 | Дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүү.
| Кароол айыл өкмөтүнүн дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү: - өнөр жайында 5% -айыл чарбасында 1% - курулушта 3% - кызмат көрсөтүүдө3% | Айыл өкмөтүнүн аймактарында, анын жашоо ишмердүүлүгүн түрдүү сфераларында, дүң продукцияларды өндүрүү аркылуу, жашоо сапатын көтөрүүгө багытталган туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо. | 31-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
| Өнөр жай | |||||
4 | Өнөр жай продукцияларынын өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн өсүүсүн камсыздоо. | Кароол айыл аймагында пластик жана пескоблок өндүрүүмдүүлүгүн 3% көтөрү. | Иштеп жаткан, кайрадан иштетип чыгаруучу ишканалардын ишин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн эффективдүүлгүн көтөрүү, өнөр жайдык кудретти күчөтүү, жумуш ордуларын көбөйтүү. | 1-октябрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
5 | Ички базардагы керектөөнүн өсүү динамикасын эсепке алуу менен курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү. | Шералы кыш заводунун бир күндүк кубаттуулугун 10миң даанага жеткирүү. | Курулуш материалдардын көлөмүн көбөйтүү . | 1-октябрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
Айыл чарба | ||||||
6 | Айыл аймактарындагы кайрак жерлерди азайтуу. | Мырза-Арык айылындагы Карабай айлампасына дарбаза куруу. | Суу жетпеген айдоо аянттарына суу жеткирүү. | 1-ноябрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
7 | Мырза-Арык жана Кароол айылдарынын ортосундагы дринаж каналдарын тазалоо. | Дринаж каналдарын проектинин негизинде тазалоо. | Жердин асылдуу катмарын жогорулатуу. | 1-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
8 | Ички чарбалык суугат түйүнү боюнча талап кылынган ченемге чейин суугат сууну жеткирип берүү. | Дөш каналын, Орто –арык, каналын, Досмат участкасынын каналдарын тазалоонун аягына чыгаруу.
| Айыл чарба продукцияларын көлөмүн көбөйтүү, сугат жер аянттарын көбөйтүү. | 1-ноябрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
9 | Кара малдардын жана кой эчкилердин жалпы санын өстүрүү жана мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү . | Жасалма уруктандырууну колго алуу кой, эчкинин санын 5% га, кара малдын санын 5%га | Мал жандыктарынын асылдулуугун жогорулатуу, Калкты сапаттуу азык- тамак менен камсыздоо
| 1-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу | |
| Энергетика | |||||
10 | Жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо. | Мырза-Арык, Шералы,. Кароол, Орто-Арык айылдарындагы жаңы конуштарга электр мамычаларын жана 2 даана ТП орнотуу
| Жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо жакшыртылат. | 1-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу | |
| Туризмди өнүктүрүү | |||||
11 | Туристик обьектилердин инфраструктурасын өнүктүрүү жана туристерди тейлөө туристик базаларды куруу дээңгелин 10-15% га көтөрүү | Кароол айыл аймагынын «Жан-Чукур » участкасында лыжа тебүү базасын уюштуруу. Досмат, Күнгөй участкаларына жазгы саамал уюштуруу
| Туристик ишмердүүлүктү өнүктүрүү, Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн өнүктүрүү | 2015-жыл жыл ичинде | Өзгөн райондук мамалекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу | |
| Инфраструктура жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу | |||||
12 | 2015-жылга калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен оптималдуу камсыздоо. | 2015-жылга Кароол айыл өкмөтүнүн айылдарында оптималдуу түрдө жергиликтүү бюджетин эсебинен таза ичүүчү суу менен камсыздоо максатында 1 млн сом акча каражаты каралган, түзүлгөн проектини ишке ашыруу. | Жугушту аш казан-ичеги ооруларынын санын кыскартуу медициналык камсыздандыруу боюнча бюджеттик чыгымдарды төмөндөтүү,элдин ден-соолугун чыңдоо. | 1-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу | |
13 | Эскилиги жеткен жана шагыл жолдорду асфальттоо. | Кароол, Шералы, Мырза-Арык, Орто-Арык айылдарындагы эскилиги жеткен ички жолдордуу оңдоп- түзөө иштерин колго алуу. | Авто унаа жолдорунун сапатын абалын көтөрүү. | 1-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу | |
14 | Кароол айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү | Кароол, Мырза-Арык айылдарындагы Ош-Бишкек авто жолунда түнкү жарык орнотуу, Кароол айылында Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата мемориалдык тактайчаны орнотуу боюнча иш алып баруу . | Кароол айылында Улуу жеңишдын 70 жылдыгына карата мемориалдык тактайча курулат. | 2015-жыл 9-май |
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 21-октябрь №289-буйругун аткаруу жөнүндө.
| |
15 | Проектилер менен иш алып баруу | Кароол айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү,Б.Асранкулов атындагы орто мектебинин ашканасын, Кароол № 12 СВА сын капиталдык ремонттон өткөрүү | Мектеп окуучуларын ыссык тамак менен тейлөө, Калктын медициналык тейлөөсү жакшыртылат, Айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын иштөө шарты жакшыртылат. | 1-декабрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу | |
| Социалдык өнүгүү | |||||
16 | Жакырчылык денгээлин 37,5% дан 35 % га чейин кыскартуу. | Калк арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; -социалдык жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды алууга жардам көрсөтүү; -туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алуу багытында жардам көрсөтүү ; -жаштарды кыска мөөнөттүү окууларга жиберүү; -ата-энелер үчүн кичи жана орто бизнестерге окутуу курстарын уюштуруу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн кесиптик лицейлерге атайын кесипке ээ болуусу үчүн окутуу жана аларга жардам көрсөтүү. | Жакырүй-бүлөлөрдүн саны кыскарат. Ай сайын жөлөк пул алуучулардын саны кыскарат. Калктын турмуш денгээли жакшырат. | 2015-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13-августундагы “2012-2015-жылдары калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышы жөнүндөгү” №755-токтому, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министирлигинин 2015-жылдын 14-февралындагы №25-буйругу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы №485- токтому. | |
17 | Жумушсуз жарандардын санын кыскартуу, Жаны жумушчу орундарды ачуу Чет өлкөлөргө жумуш издеп кетип жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин алып баруу. | -Кыргыз элинин улуттук эмеректери сатылуучу дүкөндөрдү уюштуруу -№62 - кесиптик лицейдин филиалында конкурстарды өткөрүү, -айылдарда миграциялык борборлорду ачуу -жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу багытында тийиштүү иштерди алып баруу. | Жумушсуз жарандардын саны кыскарат -атайын кесиптик окуу жайларын бүтүргөн жумушсуз жарандар иш менен камсыз болот -мигранттардын кетип келүүсү көзөмөлгө алынат. | 2015-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы №485- токтому жана Кыргыз Республикасынын эмгек жана жаштар министирлигинин атайын буйруктары. | |
18 | Мектептердин жаны имараттарын куруу аркылуу калктын билим алуусуна шарт түзүү. | Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы 540 орундуу К.Рыспаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын курулушун аяктоо.
| Окуучулардын билим алуусуна жагымдуу шарттар түзүлөт. | 1-сентябрь 2015-жыл | Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №165-буйругу. | |
Коррупцияга каршы күрөшүү | ||||||
19 | Жарандык коомду коррупцияга каршы күрөшүүгө тартуу. | Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын окуу курстарын уюштуруу. | Жарандык коомдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүнүгү пайда болот. | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупцияга себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» №723-б буйругу. | |
20 | Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы. | Мамлекеттик аткаруу бийлигинин жетекчилеринин, жарандык секторунун жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда төмөндөгү маселелер боюнча такай жыйындарды уюштуруу: - Коррупциянын жана башка укук бузулардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу; - коруппцияга каршы туруу боюнча чараларын боюнча жүзөгө ашырууда жаралган көйгөйлөрдү кароо.
| Коррупция | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупцияга себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» №723-б буйругу. | |