Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 22-сессиясы
2015-жылдын 17-марты № 128
Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципиалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2014-жыл үчүн жылдык отчетту жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2014-жыл үчүн жылдык отчетту “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципиалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2014-жыл үчүн жылдык аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Карол айыл өкмөтүнүн башчысына жана мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине:
- айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылары жана мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилери инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жыл ичинде бизнесс долбоорлорду түзүп, аны ишке ашыруу;
-2014-жылга белгиленген болжол көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын;
- инвестиция тартуу аркылуу өндүрүш процесстерин жаёылоо;
- ички жана тышкы инвестициялардын келишин көбөйтүү;
- жарандардын жашоо абалынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Жазгы эгиндеринин айдоо аянттарын айдап себүүнү кыска агротехникалык мөөнөттө бүткөрүү үчүн, айыл чарба техникаларын жазгы талаа иштерине даярдоо, керектелүүчү үрөндөр, дизелдик отундар менен камсыз кылуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго милдеттендирилсин.
4. «Кароол-Достук» СПАга вегитациялык мөөнөткө чейин бекитилген график боюнча каналдарды чаап тазалоо, суу бөлүштүрүүчү курулмалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жүктөлсүн.
5. Айыл башчылары «Кароол-Достук» СПА менен биргеликте ички көчөлөрдөгү, үлүштүк жерлердеги жана КБФнын балансындагы арык-каналдарды чаап тазалоону уюштурушсун.
6. Айыл өкмөт башчысына жана айыл башчыларына:
- райондогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз иш алып баруу милдеттендирилсин;
- жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери белгиленген кооптуу участокторго байкоо жүргүзүү менен биргеликте күзөттөрдү уюштурушсун; - кооптуу үйлөрдө жана участоктордо жашоосун улантып жаткан үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгуу боюнча чараларды көрүшсүн.
7. Мектеп директорлоруна, айыл башчыларына, ата-энелер комитетине жана ата-энелерге:
- окуу-тарбия процессин жакшыртуу, окуучулардын жол коопсуздугу боюнча такай түшүндүрүү боюнча иш чараларды өткөрүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, жетишпеген кадрлар менен толуктоо боюнча иш алып баруу, мектептердин базасында алып барылып жаткан иш чараларды өркүндөтүү боюнча зоналык, райондук деёгээлдеги усулдук семинарларды такай өткөрүп туруу;
- окуучунун мектепке себепсиз келбей калуусун, сабак учурунда базарда, компьютердик клубдарда жүрүүсүнө бөгөт коюу, окуучулар арасында спорттук мелдештерди уюштуруу милдеттендирилсин.
8. Кароол /й бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисине:
- ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу, балдардын набыт болушун кыскартуу боюнча иш аракеттерди күчөтүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
9. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнө:
- коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун негизги себептерин жок кылуу;
- спирттик ичимдиктерди сатууда кабыл алынган эрежелердин, айылдык кеёештин чечимдерин сактоо;
- майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөө;
- мал уурулукту алдын-алуу жана мал уурдоо кылмыштарын кыскартуу;
- окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын-алуу;
- диний экстремизм, терроризм боюнча алдын-алуу иш чараларды жүргүзүү боюнча иш аракеттерди күчөтүү милдеттендирилсин.
10. Айыл өкмөт башчысы Р.А.Сайитовго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Кароол айылдык кеёешинин 2014-жылы айыл өкмөтү үчүн аткарууга кабыл алган чечимдерин такай жетекчиликке алуу жана чечимдердин аткарылышы боюнча кеёештин сессияларында маалымдап туруу;
- өз билемдик менен жерлерди басып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүү;
- социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн жана салыктарды өз убагында аткаруу жана мурунку жылдардан өндүрүлбөй калгандарын аткаруу.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиялардын (2-пункту А.Амиракуловго, 3-,4-,5-,6-пункттары Т.Анаркулов, 7-, 8-, 10-пункттары А.Тыныкуловго, 9-, 10-пункттары А.С. Суранбаевга) төрагаларына тапшырылсын.
12. Токтомду жалпы көзөмөлдөө айылдык кеёештин төрагасынын орун басары К.М.Укуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |