Редакцияот 17.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 22-сессиясы

 

2015-жылдын 17-марты № 130

Кароол айыл өкмөтү «Өзгөн аймактык Таза Суу» мунуципиалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кароол айыл аймагында жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Кароол айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл өкмөтү «Өзгөн аймактык Таза Суу» мунуципиалдык  ишканасына уюштуруучу катары кирсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш- чараларды жүргүзүү жагы  Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Сайитовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра катоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев