КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 10-апрели № 132
Кароол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жолдорду жана жайыт жерлерди мыйзамсыз тосуп алгандар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовдун билдирүүсүнө жана «Муниципалдык менчик» Мыйзамына ылайык Кароол айылдык кенешинин жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жолдорду жана жайыт жерлерди өз билемдик менен басып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |