Редакцияот 25.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 24-сессиясы

 

2015-жылдын 25-апрели № 134

Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы көйгөйлүү маселелер жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Арык,Кароол, Шералы айылдарындагы  көйгөйлүү  маселелер  болуп  төмөнкүлөр  бекитилсин:

Кароол  айылындагы №12-ГСВга кап.ремонт жасоо.

Кароол  айылына  Клуб  салуу.

Эксковатор сатып алуу.

Айылдардагы  Таза-Суу  түтүкчөлөрүн  калыбына келтирип  кап.ремонт  жасоо.

Шералы  айылындагы Кондитердик цехтин имаратын кап.ремонттоо.

Мырза-Арык айылына таштандыларды  салуучу контейнерлерди  сатып  алуу.

Айылдарга  спорттук  залдарын  куруу.

Айылдарга  бала-бакчаларын  салу.

Мырза-Арык  айылындагы  ФАПка  кап.ремонт жасоо.

Малдарды  жасалма  жол  менен уруктандыруу  пунктун  ачуу.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Суранбаев А.) тапшырылсын.

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев