Редакцияот 10.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 10-февралы № 26/1

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2015-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планын бекитүү, 2015-2017- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2015-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планды бекитүү,  2016-2017 - жылдарга болжолдуу  социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.

2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын  жана бекитилсин. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-2015-жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.

4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык  Кеңештин  төрагасына жана туруктуу   комиссияларына  жүктөлсүн.

 

Кабылган-Көл айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш.Акаев 

 

Кабылан-Көл айыл округунун 2015-2017- жылга карата инвестициялык долбоорлорун аткаруу боюнча божомолу жана анын иш чарасы

 

№

Долбоордун  аталышы

Долбоордун  жалпы сметалык  баасы  мин  сом

Анын  ичинен  өздүк салымы мин сом

Айырмасы суралуучу акча мин  сом

Кимдер  тарабынан  аткарылат

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлүүчү жыйынтык

1

Кабылан- Көл айылындагы балдар бакчасынын

айланасын тосуу жана инвентар сатып  алуу

 

 

1235,1

 

123,5

 

1111,6

 

Кабылан-Кол а/ө

стимулир.

грант

 

2015-ж

Балдарга  жагымдуу  шарт түзүү

2

“Кабылан-Көл –Катта- Талдык” жолуна  шагыл төгүү

 

3922,2

 

511,4

 

3410,8

Кабылан-Кол а/ө

Стимулир.

грант

2015-2017

Элге  жагымдуу  шарт  түзүү

3

Таза сууну  башка булактан алуу

5000,0

 

 

Кабылан-Кол а/ө

АБР

2014-ж-2017-ж

Элди таза  суу менен  камсыздоо

4

Кабылан- Көл айылындагы  китепкананын курулушу

 

701,1

 

70,1

 

631,0

Кабылан-Кол а/ө

Стимулир.

грант.

2016-ж

Калкты  заманбап  китепкана менен  камсыз  кылуу

5

Айыл ичиндеги жолдорго  шагыл төшөө

500,0

 

 

ОФ MCDCP KG

2015-2016-ж

Элге  жагымдуу  шарт  түзүү

6

Такта  тилүүчү станок  алуу

200,0

 

 

Донор  издөө

2015-ж

Эл  көйгөйүн  чечүү

7

Эски  мектептин,  айыл  өкмөттүн  айланасын  тосуу

150,0

15,0

 

Донор  издөө

2015-ж

Элге шарт түзүү

8

Уз  аялдарды  колдоо  боюнча кичи цех  уюштурууга  жетишүү

240,0

24,0

 

Донор издөө

2015-2017-ж

Калкты  жумуш менен  камсыз  кылуу

9

Кара- Жыгач айылынан машина өтүүчү көпүрө  куруу

160,0

16,0

 

Донор издөө

2013-2014-ж

Элге  жагымдуу  шарт  түзүү

10

Э. Мурзаев  орто мектебине кошумча корпус курууга  долбоор  даярдоо.

5000,0

 

 

Кабылан-Кол а/ө

Стимулир.

грант.

2015-ж-2017-ж

Окуучуларды  заманбап  окуу корпусу  менен камсыздоо

11

Күнгөй  айылына  ФАП  куруу

1500,10

150,0

1350,0

Кабылан-Кол а/ө

Стимулир.

грант.

2015-ж-2017-ж

Элге жагымдуу  шарт  түзүү