КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVII сессиясы
2015-жылдын 25-марты № 27/1
Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын бекитүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулоонун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Сарыбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |