Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын II сессиясы
2015-жылдын 15-июну № 2/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына Камилов Токтосун Рашидинович жана Мадаев Гүлжигит Мырзамидиновичтер Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бул сунушту карап, талапкер катары киргизип берүү жагы Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |