Редакцияот 13.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы

 

2015-жылдын 13-октябры № 4/2

Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө

Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана  куруу үчүн түрткү  берүүчү  гранттын  долбоорун карап  жана  талкуулап Кабылан-Көл  айылдык  Кенешинин  заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнгөй  айылына  эмкана (ФАП)  куруу  үчүн  жазылган  түрткү  берүүчү  гранттын  долбоору  жактырылсын.

2. Бул  долбоорду  ишке  ашыруу  максатында Кабылан-Кол айыл аймагынын Күңгөй  участкасынан  0,04 га  жер  участогун  бөлүп  берүү  жагы   айыл  өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3. Күңгөй  айылына  эмкана  куруу  үчүн  жазылган  түрткү   берүүчү  гранттын  долбоору 172 2777 сомду  түзөт.   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2012-жылдын  29-июнундагы  №  462  токтомунун  негизинде 120 594 сом  акча  каражаты жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен  бөлүнүп  берилсин,  анын  ичинен  60272  сом  накталай  жана  60272  сом жумуш түрүндө  аткарылсын. 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык саясат муниципалдык менчик,  калкты  жерге  жайгаштыруу  жана  айыл  чарбасы  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Кабылган-Көл айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш.Акаев