Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын VI сессиясы
2015-жылдын 16-ноябры № 6/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилердин жана мекемелердин кышка карата даярдыгы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер ,медпункт, бала бакча жана башка мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Эркинбай уулу Тынчтыкбектин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер , медпункт, бала бакча жана башка мекеме ишканалардын кышка карата отун –көмүр менен жетиштүү камсыз болгондугу канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Мекеме ишканалардын мештерин тазалап,эшик- терезелерин жылуулоо иштери камсыздоо, жана жылуулуктун берилишин үзгүлтүксүз колго алуу алардын мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Э. Мурзаев атындагы орто мекетебинин 2-корпусунун терезесинин 2-кабатын калыбына келтирүү жана айнектерин бутундөп койдуруу мектеп директору З. Абдыкадыровага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т..Камиловго тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө 1 орто мектеп, 1 баштооч мектеп , 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 айылдык китепкана жана 1 клуб бар. Айыл өкмөтүндөгү социалдык мекемелерге кышка карата жалпысынан 61 тонна көмүр түшүрүлдү.
Э. Мурзаев атындагы орто мектеби кышка карата даяр, электр зымдары кароодон өткөрүлгөн, электр жылыткычтары , бузулган резеткалар жаныланды. Эшик терезелер жылуулатылды. Класс кааналар электр энергиясын үнөмдөөчү лампочкалар менен алмаштырылды. От казанга суу толтурулуп, 3 насос моторлору 10 мин сомго камкорчулар тарабынан жаныланды. Э. Мурзаев атындагы орто мектебине 40 тонна көмүр түшүрүлдү.
Күнгөй баштооч мектебинин кышка карата эшик терезелери жылууланды. 4 класс каанага 1 печкадан от жагылат, жылуулук берилди 5 тонна көмүр түшүрүлдү.
Кабылан-Көл бала бакчасында 6 печкага от жагылат, 15 тонна көмүр түшүрүлдү. Кааналар жылуу, эшик терезелер жылууланды, электр зымдары кароодон өткөрүлгөн, бузулган резеткалар жаныланды.
Кабылан-Көл айылдык китепканасында 1 печка жагылат, кышка даяр. 1 тонна көмүр түшүрүлүп киргизилди.
ФАПтын эшик терезелери жылуулатылган. Эмкана кышында көмүр менен жылытылат, жылытуучу печкалары азыркы мезгилде кароодон өткөрүлүп, ремонттолгон. Кышка карата толук даяр. 6 тонна көмүр түшүрүлдү.