Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын VI сессиясы
2015-жылдын 16-ноябры № 6/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу -Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу -Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Мадаев Гүлжигиттин маалыматын угуп жана талкуулап, Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштерин айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, жана бузулган колонкаларды өз убагында ондоо, калкты тейлөөдө алгылыктуу кызмат көрсөтүү “Курбу –Булак” ИСКААКБсынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Таза суу боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Акаев Шералы-комиссиянын төрагасы;
2. Мадаев Гүлжигит - комиссиянын катчысы;
3. Сатаров Базарбай - мучөсү
4. Жаманкулов Чыныбек –мүчөсү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарбасы, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т..Камиловго тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |