Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын VI сессиясы
2015-жылдын 16-ноябры № 6/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкынын саламаттыгын сактоодо ФАПтын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкынын саламаттыгын сактоодо ФАПтын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Сатаров Базарбайдын маалыматын угуп жана талкуулап,Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкынын саламаттыгын сактоодо ФАПтын аткарып жаткан иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Калктын саламаттыгын сактоодо жана тейлөөдө алгылыктуу иштерди алып баруу, орулууларды өз убагында кароо, элге ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу жагы ФАПтын жетекчиси Г.Алибаевага милдеттендирилсин.
3. Альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларынын алдын алуу боюнча айылдагы ит-мышыктарды убагында эмдөө жана жолбун иттерди аттыруу айыл окмөтүнүн ветеринардык дарыгери Д.Ташполотовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо , билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т..Камиловго тапшырылсы
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайгашкан эмканада үч атайын орто билимдүү медайым жана үч тех. кызматкерлер (1 санитарка) эмгектенишет. Үч кызматкер айыл өкмөтүндөгү төрт айылга бөлүнүп тейлешет.
2015-жылы эмдөөлөр план боюнча өз мезгилинде жүргүзүлүп турду. 2015-жылдын ноябрь айына карата орулууларды кабыл алуу 2986 адам болгон. Анын ичинен үйлөрүнө кыдырып 2548 адамга медициналык жардам көрсөтүүлөр болгон.
Көзөмөлдө турган диспансердик оорулуулар :
кан басым жогору - 26 адам
кан басым төмөн - 7 адамкан диабети менен – 8 адам.
Кан диабети жана онкологиялык оорулуулар стадиясына карап атайын керектүү дарыларды бекер алышат.
Эмканада атайын дарыкана иштеп жатат.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин көзөмөлдөп карап турушат. Азыркы мезгилде эмканада 24 кош бойлуу аял көзөмөлдө турат. 2015-жылдын ноябрь айына карата жалпы 69 аял төрөгөн. Катуу ооруган адамга биринчи жардамды бекер көрсөтүү колго алынган.
2015-жылдын жыл ичинде балдарды алдын ала эмдөө : БЦЖ - 19,5 %, ВГВ – 97,5%, ОПВ -1 -- 97,5%, ОПВ-2 --97,8%, ОПВ-3 -- 98,2 %, Пенто-1 --95,7 % , Пенто-2 –98,4%, Пенто-3 –98,4%, КПК –97,1 %, ККВ—98 % ке аткарылган. “Д” учетто турган , “сахари диабет”, “ Гипертоничес.-болезнь” менен ооругандарга д о пакеттен рецепт менен дары алып турушат. Психиартрида учетто тургандарга до пакеттен дарыларды бекер алышат. Жашы улгайгандар оорусу боюнча убагында дарыларды, биринчи жардамга жарандардын баардык түрүнө, оорусуна карата медициналык алгачкы жардам бекер жүргүзүлөт.
Эмкана кышында көмүр менен жылытылат, жылытуучу печкалары азыркы мезгилде кароодон өткөрүлүп, ремонттолгон. Кышка карата толук даяр. 6 тонна көмүр түшүрүлдү. Ошону менен бирге эле эмканада айрым кемчилдиктер орун алган . Кээ бир мезгилдерде медицина кызматкерлери иш орундарында болбой калат. Анткени бир эле мезгилде үч кызматкер тең чакырган оорулууларды көрүү (вызовго) үчүн кеткен учурлар болгон. Бул мезгилде башка бейтап адамдар келип мед.кызматкерлерди иш орундарынан таппай нааразы болушкан.
Эмканадагы айрым көйгөйлөр: Альвеококкоз жана эхикоккоз оорусунун алдын алуу үчун жолбун иттерди аттыруу жана ар бир үйдүн ит-мышыктарына убагында эмдөө жүргүзүүнү колго алып берүү.