Редакцияот 12.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2015-жылдын 12-февралы № 15/3

Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2015-жыл үчүн белгилөө жөнүндө

Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө  ата энелер чогулушунун 18.01 2015-жылдагы № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап

Будалык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай“ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөр 300(үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Будалык айыл өкмөтүнүн  Кара-Суу айылдагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчанын башчысы  Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.

3. 2015-жылдын июнь.июль айларында тарбиялануучу  балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун. 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин.

 

Будалык айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

У. Асанов