Редакцияот 12.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2015-жылдын 12-февралы № 15/4

Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2015-жыл үчүн белгилөө жөнүндө

Будалык айыл өкмөтүнө караштуу  Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө  ата энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 протоколу  менен  таанышып жана талкуулап

Будалык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык  айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы №19 “Шалбаа“ бала бакчасынын ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300(үчжүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Будалыкайыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы №19 “Шалбаа“ бала бакчасына атаэнелерден алынуучу төлөмдөрдү өзубагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчанын башчысы  Чолпон  Осмоновага  милдеттендирилсин.

3. 2015-жылдын июнь.июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана атаэнелер төлөмдөрдөн бошотулсун.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге  милдеттендирилсин

 

Будалык айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

У. Асанов