Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 16/2
Алай районунун Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүн салык кызматкери К.Асановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Будалык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын № 182. 2014-жылдын 31-декабрындагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда салыктын базалык ставкасын 1.5 тен 3 эсеге чейин көбөйтүүгө боло тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пункутуна ылайык Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 2 эсеге көбөйтүлсүн.
3. Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 2 эсеге көбөйгөндүгү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Будалык айыл аймагынын айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоп,төгүү салык кызматкери К.Асановко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Осмоновко тапшырылсын.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |