Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2015-жылдын 10-июлу № 17/1
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 6 айында бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Будалык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укугун негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесине ылайык Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 6 айына бекитилген сметасынын төмөндөгү түрлөрү боюнча такталган планга төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
К/№ | Берененин аталышы
| берене | баардыгы | 4-квартал | ||
көбөйтүү | азайтуу | |||||
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 11111100 | 3,5 |
| 3.5 | |
| баардыгы |
| 3.5 |
| 3.5 | |
2.Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 6 айына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү берене боюнча такталган планга төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
К/№ | Бөлүмдүн аталышы
| Берененин аталышы | берене
| баардыгы | 4-квартал | ||
көбөйтүү | азайтуу | ||||||
1 | Аппарат | Ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөр (приобротение прочих услуг) | 22154900 | 3.5 |
| 3.5 | |
| баардыгы |
|
| 3.5 |
| 3.5 | |
3. Жогорудагы сумманын 2015-жылдын 6 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу КЭБ башчысы А.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Осмоновко милдеттендирилсин.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |