БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2015-жылдын 12-октябры № 19/1
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу “Шалбаа” жана “Нурай” балдар бакчаларында аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу “Шалбаа” жана “Нурай” балдар бакчаларында аткарылып жаткан иштер жөнүндө депутат Т.Бакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу “Шалбаа” жана “Нурай” балдар бакчаларында жаңы ачылганына карабастан бир топ уюштурууруучулук менен иш жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. “ Нурай” балдар бакчасында КР Каржы министрлиги тарабынан “Түрткү берүүчү” гранттын эсебинен капиталдык ремонт башталып жаткандыктан тарбиялануучу
балдардын ата-энелери менен макулдашылып,иштегендердин эмгек акысы
сакталуу менен 2015-жылдын 1-ноябрынан ремонтт иштери бүткөнгө чейин
убактылуу каникулга таркатылсын жана ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдү
чогултуу токтотулсун.
3. “Шалбаа” балдар бакчасынын ашканасын жана кампасын ремонтоо чаралары көрүлсүн.
4. Бала бакчаларда балдарга тамак даярдоодо кошумча электро печка менен камсыз кылуу жагы каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |