Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXI сессиясы
2015-жылдын 3-cентябры № 21-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынн тургуну Хамракулова Чолпонай Алижановнанын турак-жайынын 461 ч.м. аянтын багытын чайкана куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын тургуну Хамракулова Чолпонай Алижановнанын берген арызын карап чыгып, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2015-жылдын 17-августундагы №132/15 сандуу корутундусунун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн талаптарына таянып А.Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2015-жылдын 17-августундагы №132/15 сандуу корутундусунун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл.№18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын
2. Атуул Хамракулова Чолпонай Алижановнанын арызы канаттандырылсын.
3. Атуул Хамракулова Чолпонай Алижановнанын өзүнүн менчигинде болгон 769,0 ч.м. жер аянтынын ичинен 461,0 ч.м. жер тилкесин элге кызмат көрсөтүү үчүн чайкана курууга багыты өзгөртүлсүн.
4. Токтомдун мыйзам негизинде аткарылышы Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |