А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXI сессиясы
2015-жылдын 3-cентябры № 21-3
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын борборунда жайгашкан «Ноокат универсал базарынын» түштүк тарабында жайгашкан коомдук ажаткананы менчикке өткөрүп берүү эрежелерин карап чыгуу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-сентябрындагы №113 токтомуну негизинде жана «Сорос-Кыргызыстан» фондунун каржылоосунда «Санитардык маданият жок болсо эч кандай маданият жок» доолборунун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын муниципальдык жерлеринде, «Ноокат универсаль базары»-нын түштүк тарабында курулган , 0,02га. жер тилкесинде жайгашкан коомдук ажаткана курулган. Доолбордун туруктулугун камсыз кылуу максатында , ал обьект проекттин жетекчисине калтырылып өн эки жылдан бери иштетилип келинүүдө , бирок ушул обьекттин көпчүлүк пайдаланатурган обьект болгону үчүн конкреттүү өңдөп түзөтүү иштерин талап кылып , конкреттуу жоопкер ээси болушу керек болууда, ушул себептен ,жогорудагы талаптарды аткаруу үчүн проекттин жетекчиси атуул Токталиева Саткынбубу жер тилкесин менчикке өткөрүп берүү жөнүндө жазылган арызын карап чыгып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин -1 пункутунун 15 бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү жобоонун 4гл. №11 –беренесинин) бөлүмчөсүнүн талаптарына таянып АМирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин -1пункутунун 15 бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү жобоонун 4гл. №11 –беренесинин ) бөлүмчөсүнүн талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-сентябрындагы № 113 токтомунүн № 1 пункутуна өзгөртүүлөр жана төлүктөөлөр киргизилип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү жобоонун 4гл. №11 –беренесинин бөлүмчөсүнүн талаптарынын негизинде суралган обьект жайгашкан жер тилкеси арыз ээсине түз берүү жолу менен ,көз карандысыз баалоочу эксперттин ,азыркы үчүрда калыптанган жер рыногунун баалары боюнча менчикке берилсин.
3. Аталган жер тилкесин мыйзам негизинде көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланып, комиссиянын кароосуна киргизуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевке тапшырылсын.
4. Жерге жайгаштыруу иш-кагаздары даярдалган кейин,менчикке беруу шарттарын карап чыгуу үчүн айылдык Кеңешинин комиссиясынын кароосуна киргизилсын
5. Токтомдун мыйзам негизинде аткарууга алынсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |