Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXI сессиясы
2015-жылдын 3-cентябры № 21-4
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын аралап өтүүчү Ош-Ноокат автожолунун 2-км.-де, жолдун четинде жарнамалык шит орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын социалдык инфраструктурасынын өркүндөтүү жана айыл аймагынын тургундарынын коомчулукта болуп жаткан саясый жана маданый кабарлар менен камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтү, элдин агымы көп болгон Ош-Ноокат автожолунун ,Ноокат –Араван кайырмасы жайгашкан жеринен 30 м.аралыктагы чыгыш тарабында , жолдун түштүк тарабында 1 ч.м. жер тилкесине жарнамалык шиттин фундаментин жайгаштырганы мыйзам негизинде уруксат сурап кайрылышкан, жогорудагы сунушту аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин -1,15,16 бөлүмүн талаптарынын жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2015-жылдын 4сентябрындагы №129 сандуу «Убакттылуу обьекттерди орнотуу жана жайгштыруу үчүн уруксат берүү» иш-кагазынын талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. №18-беренесинин -1,15,16 бөлүмүн талаптарынын жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2015-жылдын 4сентябрындагы №129 сандуу «Убакттылуу обьекттерди орнотуу жана жайгштыруу үчүн уруксат берүү» иш-кагазынын талаптарын аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынан өтүүчү Ош-Ноокат автожолунун 2-км-де,жолдун түштүк четинен типтүү жарнамалык шит орнотуу үчүн 1ч.м. жер тилкеси ажыратып берилсин.
3. Токтомдун мыйзам негизинде аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |