Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХXI сессиясы
2015-жылдын 3-cентябры № 21-5
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан «М.Мамадиев» атындагы көчөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен асьфалт төшөөгө даярдоо жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын инфраструктурасын мындан ары өркүндөтүү жана айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин №-1,2,3,6,15-бөлүмчөлөрүн талаптарын жана Ноокат райондук архитектурасынын 2015-жылдын 26-августундагы №138/15 сандуу кортундусунун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3 гл. 18-беренесинин №-1,2,3,6,15-бөлүмчөлөрүн талаптарын жана Ноокат райондук архитектурасынын 2015-жылдын 26-августундагы №138/15 сандуу кортундусунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын «М.Мамадиев» атындагы көчөсүнүн 760 п/метр аралыгы жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамда көрсөтүлгөн иш-кагаздары даярдалып , асфальт төшөлсүн.
3. Токтомдун мыйзам негизинде аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |