Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 22/1
Ленин айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеинин, китепканачылардын 2015-жыл ичинде жүргүзуп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеинин,китепканачылардын 2015-жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча депутат Б.Максутбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенештин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеинин,китепканачылардын 2015-жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча депутат Б.Максутбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жогорку органдардан келген токтом, буйруктардын турмушка ашырылышын такай аткаруу, өздүк иш кагаздарын толуктоо , иретке келтирүү маданият кызматкерлеринен, китепкана башчыларынан талап кылынсын жана Күн-Элек актовый залдын башчысы Ж.Абдылдаевага практикалык жардамдарды көрсөтүү колго алынсын.
3 .Окуучуларга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүнүн эң негизги куралы болгон китептер фонддун көбөйтүүнү камсыз кылуунун чараларын ар тараптан көрүү, ал үчүн мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз байланышып иш алып баруу китепканалардын башчыларына милдеттендирилсин.
4. Кетирген кемчилдиктери жана эмгек тартибин сактабагандыгы үчүн Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновко, Согонду айылдык китепкананын убактылуу башчысы Г.Машановага эскертүү берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|