Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 22/2
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин жүргүзуп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин жүргүзуп жаткан иштеринин абалы боюнча Орозали уулу Таалайбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин жүргүзуп жаткан иштеринин абалы боюнча Орозали уулу Таалайбектин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кош бойлуу аялдарды өз убагында каттоого алып, төрөткө чейинки көзөмөлдү күчөтүү, аймактык ооруканага жана анын филиалдарына баруу үчүн алмаштыруу карталарын өз убагында жазып берүүнү,аларга түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү,диспансердик каттоодо турган оорулууларга ,майыптарга медициналык жардам көрсөтүүнү белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүү, медицина мекемелеринин башчыларына милдеттендирилсин.
3. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн чет элдик донорлор,мамлекеттик эмес уюмдар,демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу ,сапаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө медицина мекемелеринин жетекчилери менен айыл башчыларына тапшырылып ,бул багытта аткарылган иштер боюнча маалыматтарды Ленин айыл өкмөтүнө берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Калктын медико-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу ,айрыкча жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча ,жалпы элди медициналык тейлөөнүн абалдары жөнүндөгү маселелери боюнча такай иш алып барылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|