Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 22/4
Мурдаш айылындагы «Жоогазын» балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылындагы «Жоогазын» балдар бакчасында 60 бала тарбияланат.
Айыл өкмөтүндө калктын саны 7133. Жылдан жылга бакчада тарбиялана турган балдардын саны өсүүдө. Бакчага болгон муктаждык жогорулап 30-40 бала кезек күтүүдө. Элдин социалдык абалын жакшыртуу максатында кошумча тайпа ачуу зарылчылыгы келип чыгууда жана анны ачууга толук мүмкүнчүлүк шарт бар. Керектүү инвентарлар жетиштүү. Бир гана каржы маселеси көйгөй жаратууда. Жогорудагы маселе боюнча «Жоогазын» балдар бакчасынын башчысы Н.Сакенованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жоогазын» балдар бакчасынын башчысы Н.Сакенованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылындагы «Жоогазын» балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга штаттык бирдиктерди көбөйтүп чечип берүү жагы Алай райондук Билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Кошумча кабыл алынычуу 30 баланын тамак-ашына жана ар түрдүү чыгымдарына жумшалуучу акча каражатын чечип берүү жагы Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|