Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 17-январы № 2/4
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүлөлү ФАП ынын Чоң- Бүлөлү ФП сынын 2014-жылы аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүлөлү ФАП ынын жана Чоң-Бүлөлү ФП сынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүлөлү ФАП ынын жана Чоң-Бүлөлү ФП сынын 2014- жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Элдин саламаттыгын сактоодо, жугуштуу оорулардын алдын алуу, эл менен тыгыз байланышта болуу, жаш энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы ФАП жана ФП башчыларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдраевге жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |
Чоң-Бүлөлү эмканасынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча жылдык отчету
Чоң-Бүлөлү эмканасы 2014-жылы калкты тейлөөдө бир топ иштерди аткарды. Кош бойлуу аялдарды өз убагында 12 жумага чейин учетко тургузуп, тиешелүү анализдери алынып, районго жөнотүлүп турду.
Эмдөөлөр өз убагында жүргүзүлдү. Быйылкы жылы Чоң-Бүлөлү эмканасына 3 тонна комүр баткыдай көмүркана салынды. Ошондой эле эмкананын астына узундугу 4,5 метр болгон баса турган цемент куюлду. Кышка карата 3 тонна көмүр түшүрүлдү.
Чоң-Бүлөлү эмканасынын: Тейлеген калкынын саны- 703.
Анын ичинен:
Эркектердин саны- 361.
Аялдардын саны- 342.
1 жаштан 5 жашка чейинки балдардын саны – 116.
Кан басымы жогор болгон адамдардын саны- 14.
Кош бойлуу аялдардын саны -24.
Анын ичинен төрөгөндөрү - 18 болду.
Кичи-Бүлөлү эмканасынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча
Маалыматы
Кичи-Бүлөлү эмканасы Көл-Чаты, Кошулуш,Чеке-Уулу, Арпа-Тектир, Сарка-Уулу,Кулек айылдарын тейлейт.
Эмкананын милдети калкты бардык медициналык тейлөөнүн бардык тармактары боюнча жардам көрсотүп келет.
Жазгы санитардык абалды көзөмөлдөө, мусорлорду, суунун бойлорун, үйлөрдүн санитардык абалын, көчөлөрдү тазалатуу иштери жүргүзүлдү.
2014-жылы эмкана 1265 калкты тейледи.
Анын ичинен: аял -675, эркек -555.
Төрөт жашындагы аялдар -404
2014-жылдын 1-январынан тартып кабыл алуу 2017, үйунө баруу-3079,
ийне саюу – 376 болуп катталды.
Эмдөө жашындагы балдар 0-1 жашка чейинкилер – 25, 1-5 жашка чейинкилер – 104, 5-16 жашка чеинкилер -126.
ХИБ-ОПВ-59, КПК-35, АКДС-31, АДС- КК – 33, АДСМ -16 жаш-70,
АДСМ- 26 жаш- 95, АДСМ -36 жаш -100, АДСМ -46 жаш -90, АДСМ -56 жаш- 100 жасалды.
Көзөмөлдө турган оорулар:
Хранический гепатит-1, неврологический болезнь -7, психический болезнь-4, хранический холецистит -3, эхинокок- 3, туберкулез-5, зоб-12, анемия -28,полиартрит -9, сахарный диабет- 2, несахарный -1, хранический бронхит-7, гипертонический болезнь -28 ФАПтын көзөмөлүндө турат.
Иче турган дарыларына көрсөтмө берилип, врачтарга консультацияга жөнөтүлүп турат.
Ал эми пенсия жашындагылар, 5 жашка чейинкилер,инвалидный группадагылар рецепт менен туфомустан бөлүнгөн льготалары менен дары-
дармек алып турушат.
2014-жылдын эсебинен 5017 сомдук дары биринчи жардамга келген.
Ал эми Сп-мед.фарм тарабынан ачылган аптекада 50.000 сомдун тегерегинде элге керектелүүчү дары дармек камсыздалып турат.
2014-жылдын 1-январынан бери кош бойлуулардын саны -14.
12 жумага чейин учетко туруп, фол-й кислота иодомарин ичкендердин саны-14, аз кандуулук -5, зоб-2.
Узиге убагында түшүшкөн. Кош бойлуунун колуна 32 неделинде обменный картасы берилип, төрөткө даярдык көрүлүүсү эскертилет.
ФАПтын ремонт иштери жүргүзүлүп, туале, көмүркана салынган.
Ал эми оорулар боюнча санбюллетендер чыгарылган.
Эмкананын материалдык техникалык абалы жакшы.
Кичи-Бүлөлү эмканасынын башчысы: А. Айтназарова.