Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 17-январы № 7
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык жөлөк пул алуучулардын арызьш кароо жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык жөлөк пул алуучулардын жөлөк пулдарынын токтотулгандыгынын себебин талкуулап, соц.кызматкердин жана жооптуу катчынын, жөлөк пул дайындоо боюнча комиссиянын билдирүүсүн угуп, Бүлөлү айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы атуулдарга социалдык жөлөк пул дайындоодо айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссия тарабынан бир топ кемчилдиктер кеткендиги белгиленсин.
2. Жөлөк пул дайындоодо кетирген кемчилдиктери үчүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Токтосуновага жана соц.кызматкер М.Раимжановага, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан эскертүү берилгендиги белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жөлөк пул алуучуларга мыйзам чегинде жөлөк пул чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүндөгү жөлөк пул дайындоо боюнча комиссияга тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияга жана айьш өкмөтүнүн башчысы Т.Абдраевге милдеттендирилсин.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |