Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин III чакырылышы ХХ сессиясынын
2014-жылдын 19-февралы № ХХ-20
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндөгү» мыйзамынын 33-статьясына ылайык: Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жанааксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо, студенттин контрагын төлөө, милициянын аймактык тескөөчүсүнө, айылдык кеңештин төрагасынын жол чыгымдары үчүн жана келишимдиннегизинде ӨКМда окуп жаткан студенттин контрагына акча каражатын бөлүп берүү үчүн:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотторун материалдык техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакадар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 18 000 (он сегиз мин ) сом,студенттин контрагын төлөө үчүн 28000 (жыйырма сегиз миң) сом,милициянын аймактык тескөөчүсүнө 10 000 (он миң) сом, айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акысы үчүн 6600 (алты миң алты жүз) сом жана келишимдин негизинде ӨКМ да окуп жаткан студенттин контрагы үчүн 6000 (алты миң) сом жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика-бюджет ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Бел шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |