Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IХ заседаниясы
2013-жылдын 26-декабры № 2/1
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн жайыт комитетинин 2013- жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Айылдык кеңештеги туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Абдраевдин билдирүүсүн жана Бүлөлү айылөкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин төрагасы А. Кулаевдин бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешини (5 - чакырылышынын) 9 – заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы жайыт комитетинин жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Быйылкы 2014-жылга жайыт комитетинин иш планын жана бюджетин түзүү, малдын так санын аныктоо, тиешелүү жайытты сарамжалдуу пайдалануу, токой чарбасы менен келишим түзүү биргеликте иш алып баруу, сырттан келүүчү малдарды көзөмөлдөп, жайыт төлөмдөрүн чогултуу жана алардын ылаң ооруларына каршы эмдөөлөрдү учурунда жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасына (А.Кулаевге) жана вет.инспекторго (А.Боокеевге) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына (Т.Абдраевге) жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына (төрагасы Ж.Абдраевге) жуктолсун.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |