Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы
2013-жылдын 26-декабры № 2/2
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы токой чарба кызматкерлеринин 2013-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Айылдык кеңештеги туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Абдраевдин билдирүүсүн жана Бүлөлү айылдыкөкмөтүнүн аймагындагы токой чарба кызматкерлери А.Таабалдыевдин жана А.Жолоевдин бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) 9-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы токой чарба кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Быйылкы 2014-жылга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин колго алуу, элди көчөттөр (мөмө-жемиш,тал-терек ж.б.) менен камсыз кылуу иштерин уюштуруу, өзгөчө Кызыл китепке киргизилген канаттууларды жана жаныбарларды атууну, арчаларды жана карагайларды кыйууну токтотуу, жайыт комитети менен биргеликте тыгыз иш алып баруу токой чарба кызматкерлерине (А.Таабалдыевге жана А.Жолоевге) милдеттендирилсин. (Айыл өкмөтү токой чарбасы менен келишимдин негизинде иш алып барылсын).
3. Алай токойчулугуна Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы токой чарбасына тиешелүү жерлердин ижара акысьша түшкөн акча каражатынан айьш өкмөтүнө тиешелүү акча каражатын мыйзамга ылайык болуп берүү жана Бүлөлүайыл өкмөтүнө тиешелүү болгон аймакты (Бүлөлүнүн чатынан жогорку аймак) Бүлөлү айыл өкмөтүндөгу токой чарба кызматкерлеринин кароосуна өткөрүп берүү Алай токойчулугунан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына (ТАбдраевге) жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына (төрагасы Ж.Абдраевге) жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |