Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы
2013-жылдын 26-декабры № 4/1
Айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы ФАП тардын 2013-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы кароо жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы ФАП тардын жыл ичинде аткарган иштери боюнча алардын жетекчилеринин отчетторун талкуулап,туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолоевдин билдирүүсүн угуп,, Бүлөлү айылдык кеңешинин (5 -чакырылышынын) 9 – заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чоң-Бүлөлү ФП жана Кичи-Бүлөлү ФАП ынын жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кийинки 2014-жылы калктын саламаттыгына кам коруу, калкты тиешелуу дары-дармектер менен убагында камсыз кылуу,эл арасындагы жугуштуу ооруларды алдын алып, ар түрдүү профилактикалык иш чараларды жүргүзүү, эл менен тыгыз байланышта болуп, сырткы эл аралык донорлор менен иш алып баруу ФАП тардын жетекчилери Т. Турдуевге, Н.Таабалдыевага, А.Айтназаровага милдеттендирилсин.
3. Чоң-Бүлөлү ФП на кийинки 2014-жылда көмүр сактоочу кампа (склад) салуу Чоң- Бүлөлү ФП нун башчысы Т.Турдуевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |