Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы
2013-жылдын 26-декабры № 4/2
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы маданият үйүнүн 2013-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы айылдык маданият үйүнүн жыл ичинде аткарган иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолоевдин билдирүүсүн угуп,маданият үйүнүн директору Т.Абдрахмановдун отчетун талкуулап, Бүлөлү айылдык кенешинин (5-чакырылышынын) 9-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айылдык маданият үйүнүн жыл ичинде аткарган иштеринде бир топ кемчилдиктер кетирилгендиги белгиленип, маданият үйүнүн директоруна согуш берилсин. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн көркөм жетекчиси У.Козановго эскертүү берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында ар түрдүү маданий-массалык иш чараларды уюштурууну өркүндөтүү, маданият үйүнүн калкты тейлөө иштерин жакшыртуу, чыгармачылык менен иш алып баруу, маданият үйүнүн материалдык- техникалык базасын чыңдоо,Эл менен байланышта иштөө маданият үйүнүн директоруна (Т.Абдрахмановго) милдеттендирилсин.
3. Айылдык маданият үйүнүн жылытуу системасьш жакшыртуу жана 2014-жылда көмүр сактоо кампа (склад) салуу маданият үйүнүн директоруна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |