Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниясы
2013-жылдын 26-декабры № 4/3
Бүлөлү айылдык китенканасьшын 2013- жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагьшдагы айылдык китепкананын жыл ичинде аткарган иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолоевдин билдирүүсүн угуп, китепкана башчысы Базарбай кызы Жериштин отчетун талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешинин (5 -чакырылышынын) 9 – заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү -айылдык китепканаеынын жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлк деп табылсын.
2. Айылдык китепкананын калкты тейлөө иштерин жакшыртуу, китепкананын китеп фондун көбөйтүү, орг. техника менен камсыз кылуу жана интернет байлаиышын киргизүү. ар түрдүү мамлекеттик эмес уюмдар менен байланышып китепкананын имаратын курууга аракеттерди көрүү китепкана башчысына милдеттендирилсин.
3. Айылдык китепкананын жылытуу системасын жакшыртуу жана 2014-жылда көмүр сактоочу кампа (склад) салуу китепкана башчысына тапшырылсын.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |