Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 23-майы № 4/2
Жаңы-Алай айыл окмотундогу элди таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Жаңы- Алай айыл өкмөтүнүн Кенешинин Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү элди таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыК. Жоробаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы- Алай айыл өкмөтүнүн Кеңешинин кезектеги 5- шайланган 4 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы- Алай айыл өкмөтүнүн Кеңешинин Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү элди таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кенешинин көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Жоробаевдин билдируусу эске алынсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү элди таза суу «Кымыз Булак» СООППВнын 2013-жылга сметасы бекитилсин. (тиркелет)
3. «Кымыз-Булак» СООППВсынын элди таза суу менен камсыз кылууда кетирилген кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
4. Ушул кемчилдиктерди 1 ай мөөнөтүндө жоюу жагы «Кымыз-Булак» СООППВнын жетекчиси М. Мамытовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |