Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 167/20-3
Н.Б.Келдибековдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык жана Токмок шаардык кеңешинин депутаты Н.Б.Келдибековдун 08.05.2015-ж. жеке арызынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ар-Намыс” партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Келдибеков Нурлан Белековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылсын.
2.Ушул токтом Токмок шаардык кеңешинин бош калган депутаттык мандат ордун ээлөө үчүн Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токмок шаардык кеңешинин депутаты Н.Б.Келдибековдун депутаттык мандаты 2015-жылдын 14-майынан баштап токтотулсун.
4.Токмок шаардык кеңешинин депутаты Н.Б.Келдибековдун күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |