Редакцияот 14.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 166/20-3

Турмуштун оор кырдаалында калган жарандар үчүн «Түнөк” убактылуу жашоочу жайын ачууга макулдук берүү

Токмок ш. мэриясынын 2015-жылдын 8-майындагы кириш 141/02-17 кайрылуусун карап чыгып, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 7-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. Северная көчөсү 44 дарегинде, турмуштун оор кырдаалында калган жарандар үчүн «Түнөк” убактылуу жашоочу жайын ачууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев