Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 165/20-3
Маданият бөлүмүнүн кызматкерлерине коммуналдык кызматтар үчүн кошумча төлөм бөлүп берүү жөнүндө
Токмок ш. маданият бөлүмүнүн башчысынын 04.05.2015-ж. кириш №134/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 08.05.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. финансы бөлүмү тарабынан (Котко Н.Т.), 2015-жылга бюджетте каралган каражаттардан Маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына коммуналдык кызматтар үчүн 2,0 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |