ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 161/20-3
Эски имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 30.04.2015-ж. кириш № 133/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 07.05.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик", Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Трясин көчөсү 156 дарегиндеги, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун аймагында жайгашкан эски имаратты бузууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |