Редакцияот 14.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 160/20-3

2015-ж. карата шаардык билим берүү бөлүмүнүн бекитилген чыгашалар сметасынын эсебинен, шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына кошумча 2,5 ставка берүүгө макулдук берүү жөнүндө

     Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 24.04.2015-ж. кириш №122/02-01 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 29.04.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга карата шаардык билим берүү бөлүмүнүн бекитилген чыгашалар сметасынын эсебинен, шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына кошумча 2,5 ставка берүүгө макулдук  берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев