Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 159/20-3
№7 орто мектептин курамынан башталгыч мектепти чыгаруу жөнүндө
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 24.04.2015-ж. кириш №122/02-01 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 29.04.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын №7 орто мектебинин курамынан башталгыч мектепти чыгарууга жана аны кыргыз тилинде окутуучу өз алдынча мектеп деп эсептөөгө макулдук берилсин.
2. Башталгыч мектепке №4 номерди ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |