Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 157/20-3
“Надежда” СРБга жылуулук энергиясы үчүн 50 % жеңилдик берүү жөнүндө
“Надежда” социалдык реабилитациялоо борборунун жетекчисинин 16.04.2015-ж. кириш №117/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 08.05.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. финансы бөлүмү тарабынан (Котко Н.Т.), “Надежда” социалдык реабилитациялоо борборуна жылуулук энергиясы үчүн 50 % жеңилдик берүү үчүн акча каражаты каралып, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |