Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 156/20-3
Токмок ш. аймагындагы айыл чарба жерлерине салык чендерин бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мамлекеттик салык кызматынын башчысынын 15.04.2015-жылдагы кириш .№115/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-п. негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. аймагында 2015-жылдын 1-июнунан баштап айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык чендери үч эсе жогорулатылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |