Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХIV сессиясы
2014-жылдын 15-апрели № 106/14-3
Токмок ш. “Коммуналдык ишканалар комбинаты” муниципалдык ишканасынын тиричиликтин катуу калдыктарын (ТКК) ташып чыгаруу кызматына жаңы тарифти бекитүү жөнүндө
Токмок ш. “Коммуналдык ишканалар комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору А.Оскеновдун 18.03.2014-ж. № 111 өтүнмөсүн, “Тургундар биримдиги” ассоциациясынын 14.03.14-ж. кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-майынан баштап, Токмок ш. “Коммуналдык ишканалар комбинаты” муниципалдык ишканасынын тиричиликтин катуу калдыктарын (ТКК) ташып чыгаруу кызматына тариф, Токмок ш. ар бир тургунунан айына 21 (жыйырма бир) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токмок ш. “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИнин директору тарабынан (Оскенов А.Б.), Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин монополияга каршы жөнгө салуу боюнча комитети менен тариф макулдашылсын.
3. Токмок шаардык кеңешинин 2008-жылдын 13-мартындагы №16/5-2 жана 2011-жылдын 18-июлундагы №235/39-2 токтомдору өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |