Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХIV сессиясы
2014-жылдын 15-апрели № 98/14-3
М.К.Карыбековдун талапкерлигин бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 14.04.14-ж. чыг.№ 351/1-4 өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Коомчулук кеңешинин төрагасы-Ыктыярдуу элдик кошуундун штабынын начальниги кызматына Карыбеков Марат Көчкөнбаевичтин талапкерлиги бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |