Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы
2014-жылдын 15-майы № 112/15-3
Объектилерди муниципалдык менчикке кайтарып алуу жөнүндө
Токмок ш. ММБнын 14.05.14-ж. чыг.№771 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. 3-кичи район дарегинде жайгашкан, 3 кабаттуу курулушу бүтпөй калган мектептин имараты жана “Айнек” бала бакчасынын имараты мөөнөттүү колдонуудан муниципалдык менчикке кайтарылып алынсын
2. Үч кабаттуу курулушу бүтпөй калган мектептин аймагын автоунаа токтотуучу жай катары колдонууга макулдук берилсин.
3. Токмок шаардык Кеңешинин 15.08.2013-жылдагы №66/10-3 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкерликти, чакан, орто бизнести өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |