Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы
2014-жылдын 15-майы № 111/15-3
Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш, ММБнын башкаруучусунун жер тилкесин сатып алууга төлөгөн сумманы кайтаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү жөнүндөгү 12.05.2014ж. №744 катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер тилкесин сатып алууга төлөгөн сумманы кайтаруу үчүн, жергиликтүү бюджеттен 734 000 (жети жүз отуз төрт миң) сом суммасында акча каражатын, анын ичинен 650 000 (алты жүз элүү миң) сом жер тилкесин сатып алууга, 80 000 (сексен миң) сом кепилдик төлөм, 4000 (төрт миң) сом комиссиялык жыйымдарды бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |