Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы
2014-жылдын 15-майы № 110/15-3
Милициянын таяныч пунктуна каражат бөлүп берүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн жеңил конструкциядан таяныч пунктун сатып алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө 31.03.2014-ж. №376 катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Токмок ш. финансы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.):
-жергиликтүү бюджетте мэриянын административдик имаратын кайтарууга каралган 540 000(беш жүз кырк миң) сомдон, Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнө 200 000 (эки жүз миң,) сом милициянын таяныч пунктуна бөлүнүп берилсин;
-мэриянын административдик имаратын кайтаруу үчүн каралган сумма
мурдагы деңгээлде, 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө калтырылсын;
-мэриянын имаратын кайтарууга жетпеген сумма каралып, толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |