Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 159/35-26
ЖЧК “Нью Софт” го 7,0 гектар жер тилкесин берүү жөнүндө
ЖЧК «Нью Софт» Орловка шаарынын аймагынан чопо топурак иштетүү максатында лицензиянын мөөнөтунө № 228 контурунан 7,0 га жер тилкесин берүү тууралуу сунушун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» мыйзамынын 9 беренесине, жана Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» №28-1 беренесине таянып Орловка шаардык депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК «Нью Софт» го Орловка шаарынын аймагында №228 контурунан “Өнөр жай, транспорт, коргоо, жана башка багыттагы жерлерден” чопо топурак иштетүү максатында убактылуу пайдаланууга лицензиянын мөөнөтүнө 2034 жылга чейин 7,0 гертар өлчөмүндө жер тилкеси берилсин.
2. Орловка шаарынын мэри ЖЧК “Нью Софт”го убактылуу пайдалануу үчүн 7,0 гектар жер тилкесин берүүгө чечим чыгарсын, ижара келишимин жана рекультвация келишимин түзсүн.
3. Мэриянын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси керектүү иш кагаздарды даярдап жана жер бөлүп берүү иштерин жүргүзсүн.
4. Кемин райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасына жер эсеп документациасына толуктоо киргизүү менен мамлекеттик каттодон өтүүгө өтүнүч киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри Ж.Р.Дуйшебаевге жүктөлсүн.
Орловка шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н. К. Сатыбалдиева |