Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-февралы № 19/3
Сары-Колот айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык- аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет» деп көрсөтүлгөндүгүнүн негизинде жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигине мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |