Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 20/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы № 120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы № 120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн адиси З.Реджаповдун билдируусун угуп талкуулан Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы №120негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн2014-жылга тузулген бюджетинин долбоорунда каралган 326,0мин сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн салымы катарыбюджетке бекитүүгө сунуш берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовго жана айылдык кенештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |