Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-марты № 21/3
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнгүүсүнүн программасынын 2013-жылдагы аткарылышы жана 2014-2016-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитуу жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовдун айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы социалдык- экономикалык жактан өнүгүү программасынын аткарылышы жана анын 2014-2016-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын 2013-жылга аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сары-колот айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан 2014-2016-жылдарга түзүлгөн өнүгүү программасы бекитилсин.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |